АКШ президенти Дональд Трамп Вашингтон менен Бээжин соода келишимин түзүүнү макулдашканын билдирди.
Трамптын Truth Social социалдык тармагына жазганы боюнча документти Кытайдын лидери Си Цзинпин экөө жактырууга тийиш.
Маалыматка караганда, Кытай АКШны магнит жана сейрек металлдар менен камсыздайт, Кошмо Штаттар "тараптар буга чейин макулдашууну толук" аткармакчы, анын ичинде кытайлык студенттерге америкалык университеттерде окууга уруксат берилет. Трамп бул шартка "каршы болбогонун" кошумчалады.
Макулдашуу алкагында АКШ Кытай үчүн тарифтерди 55% кылат, Кытай АКШ үчүн 10% деп белгиледи.
Мунун алдында тараптар Лондондо сүйлөшкөн. Ак үйдүн расмий өкүлү Рейтер агенттигине билдиргендей, 55% дегенге 10% базалык тариф, 20% фентанил менен күрөшкө байланышкан кошумча, 25% буга чейин киргизилген салык кирет
Bloomberg сүйлөшүүлөрдүн акыркы айлампасы эки өлкөнүн соодасындагы ири профицит (ашуу) өңдүү негизги маселелерди чечүүгө алып келбегенин жазат.
Быйыл апрелдин башында Трамп кытай товарларына болгон тарифтерди 125% көтөрүү чечимин жарыялаган. Кытай АКШга ушундай эле чара менен жооп кайтарган.
Трамп өз чечимин "Кытай дүйнөлүк базарды сыйлабай жатканы" менен түшүндүргөн. Кытай Дүйнөлүк соода уюмуна кайрылып, Вашингтондун Бээжинге каршы тарифтерди киргизүү чечими дүйнөлүк сооданын туруксуздугуна алып келип, Американын өзүнө да зыян келтире турганын билдирген.
Майдын ортосунда АКШ тарифтерди 30%, Кытай 10% чейин төмөндөтүүнү макулдашкан.
Шерине