Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:56

Ажылык сапарга кеткендердин экинчи тобу Бишкекке келди


Ажылыктан кайтып келгендерди тосуп алуу. Бишкек. 14-июнь, 2025-жыл.
Ажылыктан кайтып келгендерди тосуп алуу. Бишкек. 14-июнь, 2025-жыл.

14-июнда Бишкектеги "Манас" эл аралык аэропортуна Сауд Арабиясынан ажылык сапардан кайтып келгендердин экинчи тобу келип түштү. Алар Медина-Бишкек багыты боюнча учуп келишкен.

Ажыларды муфтий Абдулазиз кары Закиров тосуп алганын Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгы маалымдады. Маалыматка ылайык, ажыдан келгендерди тосуп алууга Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин төрагасы Азамат Юсупов, Аалымдар Кеңешинин төрагасы Замир Ракиев, диний кызматкерлер жана ажылардын жакындары катышты.

13-июнда Жидда-Ош багыты боюнча ажылардын алгачкы тобу Ошко келген. Кыргызстандан Сауд Арабиясына ажылык сапарга баргандардын эң акыркы тобу 18-июнда учуп келет.

Быйыл Кыргызстандан Сауд Арабиясына - ажылык сапарга алты миңлен ашуун адам барды.

Иран-Израил мамилесинин курчушуна байланыштуу бир катар авиа компаниялардын иши үзгүлтүккө учураганы кабарланган. Алардын ичинен Air Arabia авиа компаниясы Иран менен Израилдин ортосундагы кырдаалдын курчушуна байланыштуу Жакынкы Чыгышка жана Борбор Азияга, анын ичинде Кыргызстанга да учууларын убактылуу токтотконун компаниянын басма сөз кызматы кабарлады.

Иран менен Израилдин ортосундагы чыңалуудан улам буга чейин Flydubai аба компаниясы Орусияга каттамдарын убактылуу токтоткон.

Иран-Израил чыңалуусуна байланыштуу 13-июнь күнү бир катар өлкөлөр: Израил, Иран, Иордания жана Ирак аба мейкиндигин жапканын билдиришкен.(ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG