Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:47

Индияда учак кырсыгынан каза болгондордун саны 274кө жетти


Учак кулаган жер.
Учак кулаган жер.

Индияда учак кырсыгында каза тапкандардын саны 274 кишиге жетти. Бул тууралуу NDTV басылмасы өз булактарына таянып кабарлады.

Маалыматка караганда, Air India авиакомпаниясына таандык Boeing 787-8 Dreamliner учагынын бортунда 242 адам болгон, алардын ичинен бирөө гана аман калган. Каза болгон дагы 33 киши учак кулап түшкөн конуштун тургундары.

Лайнер Индиянын Ахмедабад шаарынын жанында жергиликтүү дарыгерлер жана медик-студенттер турган жатаканага урунуп, ал жерде жашаган он дарыгер жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү каза болгону айтылды.

Буга чейин учак кулаган жерден 50дөн ашуун адам ооруканага жатканы жана бир нече киши дайынсыз экени кабарланган.

Лондонго жол тарткан жүргүнчү учак 12-июнда Индиянын Ахмадабад аэропортунан көтөрүлгөндөн көп өтпөй калктуу районго кулап түшкөн жана медициналык коллеждин имаратына урунган.

Flightradar24 сайтынын маалыматына ылайык, кырсыктаган лайнер 2013-жылы уча баштаган. 2014-жылдын январында Air India авиакомпаниясына өткөрүлүп берилген.

Кырсыктын себеби азырынча белгисиз. Boeing трагедияны иликтөө үчүн эксперттердин тобу Индияга барууга даяр деп билдирди.

Буга чейин Индияда ири авиакырсык 2020-жылдын август айында болгон. Анда Air India Express авиакомпаниясынын Boeing-737 учагы конуу тилкесинен чыгып кетип, 21 киши набыт болгон. (AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG