АКШ президенти Дональд Трамп Израил менен Иранды тынчтык келишимин түзүүгө чакырды.
“Иран менен Израил келишим түзүшү керек жана мен Индия менен Пакистанды келишимге алып келгендей шартта келишим түзүшөт”, – деп жазды ал Truth социалдык тармагындагы баракчасына. Бул сүйлөшүүлөрдү ишке ашыруу үчүн АКШ соода жаатындагы таасирин колдоно турганын белгиледи.
Ал биринчи мөөнөтүндө Сербия менен Косовонун, Египет менен Эфиопиянын ортосундагы чыр-чатакты жөнгө салууга жетишкенин эске салган.
Трамп буга чейин ABC News басылмасына курган маегинде Вашингтон Израил менен Ирандын чыр-чатагын жөнгө салууга кийлигишүүсү мүмкүн экенин билдирген. Ал учурда АКШ эки мамлекеттин ортосундагы чыр-чатакка кийлигишпегенин тактаган.
Трамп бул кризисти жөнгө салууда Орусиянын президенти Владимир Путин ортомчу болушу мүмкүн экенин четке каккан жок. "Ал даяр. Бул тууралуу телефондон сүйлөштүк. Биз бул теманы узак убакытка чейин талкууладык", - деди Трамп.
Ал арада Ирандын тышкы иштер министри Аббас Арагчи Тегеран өзөктүк куралдан баш тартууну кепилдеген келишимге кол коюуга даяр экенин билдирди.
“Биз Иранда өзөктүк куралдын жок болушун камсыз кылган бардык келишимге даярбыз, анткени биздин негизги принцип боюнча өзөктүк куралга тыюу салынган. Бирок эгер максат Иранды өзүнүн өзөктүк укуктарынан ажыратуу болсо, албетте, мындай келишимге биз даяр эмеспиз”, - деди Арагчи 15-июнда чет өлкөлүк элчилер менен жолугушууда.
Буга чейин Иран өзөктүк келишим боюнча АКШ менен сүйлөшүүлөрдүн алтынчы айлампасынан баш тарта турганын билдирген. Бул жолугушуу 15-июнда, жекшембиде болмок. Арагчинин айтымында, АКШ кабыл алынгыс сунуштарды берген.
Израил 13-июнда Иран аймагына аба соккуларын баштап, өзөктүк, аскердик жана энергетикалык объектилерге чабуул койду.
Буга жооп катары Иран Израилге ракета жана дрон менен сокку урду. Соңку маалыматтар боюнча, Израилдин чабуулдарынан Иранда 140тай адам, анын ичинде жогорку даражалуу аскер жетекчилери каза болгон. Ал эми Ирандын соккуларынан 15 адам набыт болгонун Израилдин Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.