Орусиялык дрондор менен Киевге сокку урулду

Архив сүрөт. Киев

Киевге орусиялык дрондор менен урулган соккудан кеминде бир адам жараат алды. Бул тууралуу Киевдин шаардык аскердик администрациясынын башчысы Тимур Ткаченко билдиргендей, жараат алган 21 жаштагы жаран ооруканага оор абалда жаткырылды.

Ткаченконун маалыматына ылайык, Киевдин Днепров районунда дрон жеке турак жай секторуна кулаган, ал эми Дарница районунда дүкөндөр жабыркаган.

Украинанын Аба күчтөрү командачылыгы 16-июнга караган түнү Орусия украин аймагына ар кандай түрдөгү 138 дрон учурганын билдирди. Алардын 125и атып түшүрүлгөн, бирок он дрон бутага алынган жерге түшкөнү кабарланды.

Запорожьеде дрон кулаган өнөр жай ишканасында өрт чыккан. Ал эми Запорожье облусунун Магдалиновка айылында дрон соккусунан жергиликтүү тургун жараат алган.

Черкасс шаарынын чет жакасында дрон чабуулунун айынан электр энергиясы өчүрүлдү, кыйроолор бар, бирок жараат алгандар жок.

Дагы караңыз

Трамп Путин менен Иран-Израил кризисин талкуулап, Украинадагы согушту токтотууга үндөдүИрандан Кыргызстандын 28 жараны эвакуацияландыТатарстандын Елабуга шаары дрон чабуулуна кабылдыОш мэриясы жаңы басылган асфальттын бузулушу боюнча түшүндүрмө берди