Израил 13-июнда Ирандын аймагындагы өзөктүк объекттерге сокку урганын билдирди. Сокку өлкөнүн борборуна да урулган. Тегеранда тартылган сүрөттөр жана видеолор.
15-июндун таңында Израил менен Ирандын баш калааларына бир нече ирет абадан сокку урулду. Эки өлкөнүн куралдуу жаңжалы эл аралык коомчулуктун тынчтык чакырыктарына карабай күчөп баратат.
Израил Ирандын аймагындагы өзөктүк объекттерге сокку урганын 13-июнда жарыялаган. Ошол эле күнү Израилдин өзүнүн аймагы Ирандын соккусуна кабылды. Бири-бирине каршы чабуулдар 14-июнга караган түнү да уланды.
Кыргызстан Израил менен Иран ортосундагы чыңалуунун күчөшүнө байланыштуу тынчсыздануусун билдирди, тараптарды сабырдуулукка чакырды. Жакынкы Чыгыштагы чыңалган кырдаал, анын өнүгүшү кандай болот жана Борбор Азияга таасири тууралуу аймак таануучу, эксперт Искендер Ормон уулу менен маектештик.
УКМК 200 миң доллар пара алууга шектүү кызматкери иштен алынганын билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, подполковник С.М. "ири өлчөмдөгү коррупцияга" айыпталууда, ал ишкердин тергөөгө байланыштуу көйгөйүн чечип берем деп 200 миң доллар өлчөмүндө пара алганы аныкталган.
Индияда 200дөн ашык жүргүнчүнү ташып бараткан учак кырсыкка кабылып, көп адам мүрт кетти. Украинанын экинчи ири шаары Харьков Орусиянын аба соккусуна кабылып, кеминде 16 адам жараат алды. Ош облустук милициясы күйөөсү сабаганын айткан келиндин жолдошун эки аптадан кийин гана кармады.
Индияда 12-июнда кырсыкка учураган учактын ичинде жалпы 242 киши (Индия, Улуу Британия, Канада жана Португалия жарандары) болгон. Айрымдар алардын бири да аман калбаганын жазышса, кээ бир маалымат булактары кеминде эки жүрүнчү аман экенин кабарлоодо.
АКШнын Лос-Анжелес шаарында мыйзамсыз мигранттарды жапырт кармоого каршы тутанган нааразылык акциялары уланууда. Шаарга улуттук гвардиянын бөлүктөрү жана деңиз күчтөрүнүн жөө аскерлери киргизилди. Калифорния штатынын бийлиги муну мыйзамсыз деп атап, Дональд Трамптын администрациясын сотко берди.
Украина жана Орусия экинчи жолу көп сандагы туткундарды айырбаштады. Июндун башында Стамбулда өткөн тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн экинчи айлампасында каза болгон аскерлерин сөөктөрүн өткөрүп берүү дагы макулдашылган.
"Артек" лагери "социалисттик коомдун жарандарын тарбиялоо" максатында негизделген. 100 жылдыгын белгилеп жаткан лагердин тарыхы Орусиянын аннексиясынан кийин украин балдарын мажбурлоо тууралуу айыптар менен да коштолууда.
Дагы жүктөңүз