Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:27

Түз ободо Киевге жапырт чабуул, 14 адам каза тапты

Украинада согуш башталганына үч жыл толду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

17:58 1.6.2025

1-июнда Орусиянын айрым аймактарында авиабазаларга чабуул жасалганын Телеграм каналдар маалымдап жатат. Дрондор Мурманск жана Иркутск облустарындагы авиабазаларды бутага алганы кабарланууда. Baza жана башка каналдар жазгандай, күбөлөр билдиргендей, Мурманскиде "Оленья", Иркутскиде "Белая" деп аталган аба базаларына согуштук дрондор оор жүк ташуучу фуралардан учурулду.

Рязан облусунда "Дягилево" жана Иваново облусунда "Иваново" аэродромдору аткыланганы кабарланууда.

"РБК-Украина" Украинанын Куралдуу күчтөрүндөгү булактарына таянып жазгандай, Орусиянын аэродромдоруна жасалган бул чабуулдарды украин тарап "душмандын бомбалоочу авиациясын жок кылууга багытталган атайын масштабдуу операция" деп атоодо. "Украинанын шаарларын ар түн сайын бомбалап жаткан" учактардын кеминде 40ка жакыны талкаланганы маалымдалды.

"Военный осведомитель" деп аталган Телеграм канал "FPV дрону тийгенден кийин кеминде үч Ту-95МС жана бир транспорттук учак алоолонуп күйүп жатат" деген жазуу менен коштолгон видео жайгаштырды. Ту-95МС Орусиянын стратегиялык бомбалоочу ракета алып жүрүүчүсү экени белгилүү.

"Бабель" басылмасы украин аскерлериндеги булактарына таянып "Паутина" деген атайын операция ишке ашырылганын, анын натыйжасында Орусиянын 40тан ашуун аскердик учагы бутага алынганын, арасында А-50, Ту-95 жана Ту-22 М3 бар экенин жазды.

Согуш шартында бул маалыматтарды бейтарап булактардан өз алдынча тактоо мүмкүн эмес.


17:38 1.6.2025

Орусиянын Тергөө комитети Брянск менен Курск облустарындагы жарылууларды террордук акт катары мүнөздөп жатат. Бул тууралуу аталган комитеттин расмий өкүлү Светлана Петренко билдирди.

31-майда кечинде Брянскиде Москваны көздөй бараткан жүргүнчү ташыган поездге машина өтчү жолдогу көпүрө кулап, бери дегенде жети адам мерт болгон, 70тен ашык адам жараат алган. Учурда алардын 45ке жакыны ооруканага жаткырылды, үчөөнүн абалы оор экени кабарланууда.

"Москва темир жолдору" ишканасы “мыйзамсыз сырткы кийлигишүүнүн” негизинде көпүрөнүн тирөөчтөрү сынганын, ал поездге кулап түшкөнүн билдирди, бирок кандай кийлигишүү экенин тактаган эмес.

Би-Би-Си мындай сүйлөм буга чейин адатта темир жолдордо жардыруу болгондо колдонулуп келгенин белгилеген.

Жекшембиге оогон түнү Курскиде товар ташыган поезд өтүп баратканда темир жолдогу көпүрө кыйрап, үч адам жараат алды. Облустун губернаторунун милдетин аткаруучу Александр Хинштейн поезддин бир бөлүгү көпүрөнүн алдында машина жолго кулап түшкөнүн, тепловоз күйүп кеткенин маалымдады. Машинист эки жардамчысы менен ооруканага жеткирилди.

Жекшембиде эртең менен темир жол транспортуна байланыштуу дагы бир жарылуу болгону тууралуу маалыматтар чыкты.

Украинанын Коргоо министрлигинин башкы чалгын башкармалыгы Запорожье облусунда товар ташыган поезд жардырылганын билдирди.

Анда поезд аскердик болгону, аннексияланган Крымды көздөй баратканы айтылат. Орусиянын бийлиги бул маалыматтарды бышыктап же төгүнгө чыгара элек.

Согуш маалында бул маалыматтарды бейтарап булактардан тактоо мүмкүн эмес.

15:00 31.5.2025

Украинанын Сумы облусунда фермага жасалган Орусиянын соккусунан жүздөгөн жандык кырылды. Маалыматтарга караганда, Ромны районундагы малканага беш дрон менен чабуул жасалган.

Аймактын башчысы Олег Григоровдун билдиришинче, ошондой эле сарайлар, ондогон тонна буудай күйүп кетти.

Бир дрон нан ташыган машинага тийип, анын айдоочусу жараат алды.

Облустун жетекчилиги 11 калктуу конуштун тургундарын эвакуациялоо башталганын билдирди. Бул чек арада жашаган жайкын тургундардын өмүрүнө коркунуч туулгандыктан жасалганын маалымдады.

Буга чейин Сумыдагы 213 конушта жашагандар милдеттүү түрдө көчүрүлүшү керектиги маалымдалган.

Украина соңку учурда Орусия Сумы багытындагы армиясын күчтөп жатканын билдирген.

Украинанын Куралдуу күчтөрү Орусиянын армиясы ишембиге караган түнү жалпысынан 100дөн ашык дрон менен чабуул жасаганын билдирди. Запорожье облусунун аскердик администрациясынын башчысы Иван Федоровдун билдиришинче, анда тогуз жаштагы кыз мерт болуп, 16 жаштагы өспүрүм жараат алды.

Орусия адатта чабуулдары тууралуу комментарий бербейт.

Согуш маалында бул маалыматтарды бейтарап булактардан тактоо мүмкүн эмес.

14:45 31.5.2025

"Медиазона" басылмасы жана БиБиСинин орус кызматы Украинадагы согушта орус армиясынын 110 608 аскери каза болгону тастыкталганын аныкташты.

Журналисттер ыктыярчылар менен бирге өз санагын социалдык тармактардагы посттор, каза тапкандарга көңүл айтуу, көрүстөндөр өңдүү ачык булактардагы маалыматтарга, мамлекеттик базалардагы кыйыр статистикага таянып жүргүзүшөт.

Алар бул сан согушта өлгөн аскерлердин бардыгын камтыбаганын белгилешет.

Жоготуулар Орусиянын региондоруна текши бөлүштүрүлгөн эмес. Мисалы Алтай же Тывадан чыккан эркектер уруштан кайтпай калат деген ыктымалдык Москва тургундарына караганда 30-40 эсе жогору.

Алтай республикасында набыт болгондордун дээрлик жарымын 2022-жылдан кийин орус армиясы менен келишимге кол коюп, майданга ыктыярдуу кеткендер түзөт.

Ал эми Тывада каза тапкандардын ар бир төртүнчүсү согушка колониядан айдалган соттолгон адамдар.

Мындан эки жума мурун ушул эле эки медиа Орусия Украинага кол салгандан бери кеминде 108 608 орусиялык жаран мерт болгонун билдиришкен.

Бул статистикага орусиячыл жикчилдер арасындагы жоготуу кирбейт жана согушта өлгөнү же дайынсыз жоголгону тууралуу ачык айтылбаган учурлар кошулбайт.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG