Украина 6-июнга караган түнү кайрадан Орусиянын жапырт ракета жана дрон чабуулуна кабылганын, жайкын тургундардын өмүрү кыйылып, айрым жерлерде жарандык инфраструктура кыйраганын маалымдоодо.
Өлкөнүн ички иштер министрлигинин билдирүүсүнө караганда, борбор калаа Киевде орусиялык соккунун кесепетин жоюу ишине тартылган үч куткаруучунун өмүрү кыйылды, алар аткылоого карабастан адамдарга жардам берип жаткан жеринен мерт кетти. Борбор калаа мэри түнкү аткылоодон каза тапкандардын жалпы саны төрт киши экенин айткан.
Өзгөчө кырдаалдар мекемесинин дагы тогуз куткаруучусу жараат алганы, арасында абалы оорлору бар экени кабарланууда.
Тернополь шаарында да Орусиянын чабуулунан тутанган өрт менен алышып жатып беш куткаруучу жараат алганы маалымдалды.
Орусия стратегиялык бомбалоочу учактарынан канаттуу ракеталарын Сумы облусунун аймагынан, Кара деңиз тараптан учурганын Украинанын Аскердик аба күчтөрүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Чернигов шаары баллистикалык ракета жана учкучсуз учак менен аткыланганын, үйлөр талкаланып, адамдар жабыркаганын шаар башчысы Александр Ломако жазды.
Өлкөнүн түндүк-батышындагы Луцк шаарында согуштук дрондордун соккусунан беш киши жараат алганын, жалпысынан бул калаанын аймагы 15 учкучсуз учак жана алты ракета менен аткыланганын мэр Игорь Полищук кабарлады.
Орусия бул түнү согуштук дрондору, канаттуу жана баллистикалык ракеталары менен Киев, Чернигов, Луцк, Тернополь, Кривой Рог, Харьков, Львов, Хмельницкий, Одесса, Николаев, Черкасск аймактарын бутага алды.
6-июнга караган түнү жана эртең менен Орусиянын бир нече аймагы Украинанын дрон чабуулуна кабылганын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кабарлоодо. Саратов облусунун Энгельс шаарында аскердик аэродром жайгашкан аймакта мунай базасында чоң өрт тутанганы маалымдалып, кара түтүн каптаган видеолор жарыяланууда.
Маалыматтарга караганда, мунай азыктары сакталган кампа күйүп жатат. "Комбинат Кристалл" кампасы "Энгельс-2" аскердик аэродромун кара май менен камсыздайт.
Бул шаардагы авиабазаны да, мунай базасын да, мунайды кайра иштетүүчү заводду да украин тарап буга чейин да аткылаганы кабарланган.
Киев Орусиянын Украинанын аймагын бутага алуу үчүн колдонгон бардык жайлары жок кылынышы керек деп эсептейт.
Борбор калаа Москванын мэри Сергей Собянин 6-июнга караган түнү абадан коргонуу системалары шаарды көздөй учуп бараткан жеринен алты дрон атып түшүрүлгөнүн айтты.
Москванын түштүк-чыгышындагы Дягилево авиабазасы да украиндердин дрон соккусуна кабылганын айрым Телеграм каналдар жазып, өрттөнүп жаткан сүрөттөрдү жарыялап жатышат.
Украина менен чектеш тилкедеги Белгород облусунун администрациясы тепловоз кырсыкка учураганын, темир жолдо жарылуу болуп, ошондуктан ал рельстен чыгып кеткен болушу ыктымал экенин маалымдады.Поезддер 2,5 саат токтоп тургандан кийин темир жол кыймылы кайра калыбына келтирилгени, адамдар арасында жабыркагандар жок экени айтылды.
Тула облусунун губернатору Дмитрий Миляев түндө учкучсуз эки учак жок кылынганын, аны атып түшүрүүнүн кесепетинен бир нече киши жараат алганын билдирди.
Ушул апта ичинде Орусиянын Курск жана Брянск облустарында эки жерде көпүрө жардырылып, темир жол кыймылына тоскоолдук жаралган, бир нече адам каза болгону кабарланган, Крым көпүрөсүнүн бир түркүгү суу астында бутага алынган, бир нече аймакта аскердик аэродромдор дрон чабуулуна кабылган.Аэродромдорго соккудан кеминде 41 учак жарактан чыгарылганын Украинанын Коопсуздук кызматы билдирген, бирок көз каранды эмес булактар сөз 11 учак тууралуу болуп жатышы мүмкүн экенин айтышкан.
Украинанын ички иштер министри Игорь Клименко Прилуки шаарына жасалган орусиялык чабуулдан каза болгондордун арасында бир үй-бүлөдөн бир нече киши бар экенин, жергиликтүү өрт өчүрүү бөлүмүнүн башчысынын үйүнө дрон тийип, анын жубайы, кызы жана бир жашар небереси мерт кеткенин 5-июнда билдирди.
Чернигов облусуна караштуу бул калаада учкучсуз учактардын соккусунан беш киши каза болгону, дагы алты адам жараат алганы кабарланган.
5-июнда Украинанын Херсон шаары башкарылуучу авиабомба менен бутага алынганын жергиликтүү бийлик кабарлады. Облустук аскердик администрациянын башчысы Александр Прокудин 15 мүнөт аралыгында мындай бомбалардан төртөө учуп келгенин, администрациянын буга чейин да орус аскерлеринин аткылоосунан жабыркаган имараты ого бетер зыян тартканын билдирди.
Прокудиндин айтымында, 74 жана 68 жаштагы эки жергиликтүү тургун жараат алды, көп кабаттуу үйлөрдүн терезелери талкаланып, кээ бир жерлери кыйрады.
Харьков ракета жана дрон менен аткыланганы, кеминде 18 жайкын тургун жараат алганы белгилүү болду.
Одесса ушуну менен үчүнчү түн катар бою дрондордун чабуулу астында калды.
Жалпысынан, бейшембиге караган түнү Орусия Украинанын аймагына кеминде 103 согуштук дрон учурганын, бутага Чернигов, Харьков жана Одесса облустары алынганын, алардын 74ү атып түшүрүлгөнүн өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн басма сөз кызматы маалымдады.
2022-жылдын февралынан бери коңшусунун толук масштабдуу агрессиясына каршы күрөшүп келе жаткан Украина Орусия миңдеген согуш кылмышына жооптуу экенин айтууда. Москва мындай айыптоолорду адатта четке кагат.
Орус армиясы шаршембиге караган түнү Харьковду дрон жана ракеталар менен аткылаганда өрт тутанып, бир нече киши жабыркаганын жергиликтүү бийлик билдирди.
Шаар мэри Игорь Терехов тогуз «Шахед» пилотсуз учак жана эки ракета менен сокку урулганын жазды.
Анын айтымында, өнөр жай зонасында өрт чыгып, жер там күйдү, бир киши жабыркады.
Харьков облусунун губернатору Олег Синегубов ракета чабуулунан жарандык ишкананын аймагында өрт тутанганын, 30 жаштагы киши жаракат алганын кабарлаган.
Украинанын Аба күчтөрүнүн Телеграм каналындагы маалыматка караганда, 4-июнга караган түнү орус аскерлери 91 дрон менен чабуул койду. 36 пилотсуз учак атып түшүрүлгөнү, 25и “радарлардан жок болгону, зыян келтирбегени” айтылат.
Алдыңкы күнү Сумы шаарында төрт киши каза тапканы, 24 тургун жарадар болгону маалымдалган. Эртеси облустук аскердик администрация алты кишинин, арасында үч баланын абалы оор болуп жатканын, бардыгы болуп медициналык жардам 30 кишиге көргөзүлгөнүн билдирди.
Украин президенти Владимир Зеленский карапайым адамдар атайылап бутага алынганын айтып, АКШны жана Европаны Орусияга кысымды күчөтүүгө, чечкиндүү чара көрүүгө чакырды.
Далилдерге карабай, Москва аскердик жайларды гана аткылаганын айтып келет.