Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:29

Тегеранда абал оор, тургундар түндүккө кете баштады


Ирандын мамлекеттик телерадиокомпаниясы жайгашкан "Азади" мунарасы соккудан кийин. Тегеран, 16-июнь, 2025-жыл.
Ирандын мамлекеттик телерадиокомпаниясы жайгашкан "Азади" мунарасы соккудан кийин. Тегеран, 16-июнь, 2025-жыл.

17-июнда Израилдин армиясы Ирандын куралдуу күчтөрүнүн жаңы кол башчысы жок кылынганын билдирди. Ага чейинки командачы 13-июндагы соккудан улам каза болгон.

Чабуулдар тынчыбай жаткан чакта Израил Тегерандагы аскердик жай бутага алынарын эскерткенден кийин ирандыктар өлкөнүн түндүк тарабына кете баштады.

Көп узабай Ирандын мамлекеттик телерадиокомпаниясы жайгашкан имарат түз эфир учурунда соккуга кабылган. Эки өлкөдө тең карапайым кишилер жабыркаганы менен сөз эркиндиги катуу чектелген Ислам жумуриятындагы жайкын тургундар дуушар болгон кыйынчылыктар тууралуу көп маалымат чыкпайт.

Израилдин соккулары күчөйт деп чочулаган Тегерандын миңдеген тургундары баш калаадан кетүүгө далалат кылууда. Башкалары азык-түлүк, дары-дармек, башка эң зарыл нерселерди камдап алууга ашыгып жатат.

Израилдин Тегерандагы элге коопсуз жерлерге чыгып кеткиле деген эскертүүсү жергиликтүүлөрдүн ого бетер үрөйүн учурду.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху дүйшөмбү күнкү кайрылуусунда аба күчтөрүнүн аскерлери Ирандын баш калаасынын асманын көзөмөлгө алып жатканын билдирген.

Адатта кымгуут түшкөн Тегерандагы базарда кээ бир дүкөндөр жабык турат. Соодагерлердин айрымдары эч жакка кетпей турганын айтууда. Алардын бири Амирхосин Мосави:

"Чынын айтсам, эмне кыларды билбей калдым. Эч кандай пландарыбыз жок. Эреже боюнча жумушка чыгышыбыз керек, эми кудайдын маңдайга жазганын көрөбүз. Айтайын дегеним, коркутуу, эскертүүлөргө карабай дүкөндү жабуу же Тегерандан чыгып кетүү ниетибиз жок".

Ислам жумурияты жер астына бир канча шаарча курганы менен ал жерлерде бомбадан баш калкалоочу жайлар жок. Жекшембиде өкмөт аткылоодон жашырынуу үчүн мечит, метро жана мектептер күнү-түнү ачык болорун билдирген.

Эки өлкө тең акыркы күндөрдө бири-бирине сокку урганы карапайым кишилер арасында чоң жоготууларга алып келди. Бирок эң интенсивдүү чабуулга Ирандын баш калаасы кабылды.

Нетаньяху куралдуу күчтөр (ЦАХАЛ) жайкын тургундарды бутага албаганын айтканы менен "Фарда" радиосу кабарлагандай, видео, сүрөттөрдөн абал канчалык оор экенин баамдаса болот.

Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Хоссейн Керманпур дүйшөмбүдө билдиргендей, Израилдин чабуулу башталган 13-июндан бери кеминде 224 киши набыт болду, 1200дөн ашууну жараат алды, алардын 90% жайкын тургундар.

Ал эми Израилдин расмий өкүлдөрү Ирандын жооп иретиндеги соккуларынан Тел-Авив, Хайфа жана башка шаарларда 24 киши каза тапканын билдиришкен.

Бирок сөз эркиндиги, көз карандысыз маалымат каражаттары чектелген шартта катардагы ирандыктар азап чеккен кырдаал тууралуу кабарлар аз чыгууда.

"Фарда" радиосу менен байланышкан кишилер Тегерандын сыртындагы жол тыгындары, май куюучу жайлардагы узун кезектер тартылган сүрөт, видеолорду чыгарды.

Ирандын бийлиги Израилдин элге эвакуация болууну эскерткенин “психологиялык кысым” катары четке кагып, ызы-чууга алдырбоого үндөгөн. Анткен менен мамлекеттик телеканал борбор шаардан кетчү жолдордогу тыгындарды көрсөттү.

Телеканал демекчи, 16-июндун кечинде Израил Ирандын мамлекеттик телерадиокомпаниясынын имаратына абадан сокку урду. Анын алдында Израилдин коргоо министри "Ирандын башкы пропаганда уюгу жок болуу алдында" деп эскерткен.

Маалыматка караганда, түз эфир учурунда коюлган чабуулдан бир нече кызматкер набыт болду. Кийин телеканал берүүлөрүн улантканы кабарланды.

Ирандыктарды Тегерандан тез арада чыгып кетүүгө Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп да чакырды. Truth социалдык тармактагындагы постунда ал Иран өзөктүк келишимге кол коюшу керек эле деп кайталады.

Ошол эле күнү Ирандын БУУдагы өкүлү Реза Нажафи Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттикти "Израилдин агрессиясын чечкиндүү түрдө айыптоого" чакырды.

Тегеран өзөктүк программасы жай турмуш максаттарын көздөгөнүн айтып келатат.

Израил 13-июнда Ислам жумуриятына сокку урганын өлкөнүн ядролук куралга ээ болушунун алдын алуу катары түшүндүргөн. Чабуулдан кийин АКШ менен Ирандын өзөктүк программа боюнча сүйлөшүүлөрү үзгүлтүккө учураган.

Ал ортодо атышуу тынчыбай келатат. 17-июнда Иран Израилдин борбордук бөлүгүндөгү Херцилия шаарына ракетадан сокку урганы тууралуу маалымат каражаттары жазышты. Жергиликтүү полиция имараттар бүлүнгөнүн билдирип, бирок дүрмөттөр кайсы жайларга тийгенин тактаган жок.

"Өзүңөр көрүп тургандай, бир нече жерде асманга түтүн көтөрүлүп жатат. Ал жерлерди так айта албайм, азыр өрттү өчүрүү аракети жүрүүдө. Түтүн тарагыча бир нече убакыт зарыл. Эң негизгиси, курман болгондор жок деп ишенем", - деп айтып берди Израил полициясынын өкүлү Цачи Шараби.

Чукул кырдаалдар кызматы шейшембиде эртең менен беш киши жеңил жараат алганын маалымдады.

Аба чабуулу тууралуу эскерткен сиреналар Тель-Авивде да жаңырды.

Ушул эле күнү Ирандын Тебриз шаарында кеминде эки жарылуу болгонун маалымат агенттиктери билдирүүдө. Израил каршы тараптын аскердик жайлары, ракеталар сакталган кампалар бутага алынганын айтууда.

Жакынкы Чыгыштагы абалдын кескин курчушунан улам миңдеген чет өлкөлүк үйүнө кайта албай жатат. Дүйшөмбүдө Израилдин транспорт министри Мири Регев аба мейкиндигин ушу аптада ачуу кооптуу экенин эскертти. Иран жана бир нече кошуна өлкөлөр да учууларды убактылуу токтоткон.

Шерине

XS
SM
MD
LG