Симферополдо кармалган крым татар саясатчысы бошотулду (тасма)
Крымдын борбору Симферопол (крым татарча Ак-Мечит, Ак-Месчит) шаарында эртең менен кармалган беш крым татар саясатчысынын бири Куртсеит Абдуллаев боштондукка чыкты. Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы каратып алынган Крым жарым аралында 23-ноябрда кылмыш иш ачып, ага ылайык Симферопол шаарында Бекир Дегерменжи, Асан Чапух, Кязим Аметов, Куртсеит Абдуллаев жана Руслан Трубач кармалган. Аларды кармоо маалында окуя болгон жерде болгон 83 жаштагы Вежие Кашка айым өзүн начар сезип, аны тез жардам унаасы ооруканага алып бара жатканда көз жумган.
Чыгарылыштар
-
Июнь 16, 2025
АКШ кыргыз жарандарын киргизбейби?
-
Июнь 16, 2025
Ошто үйү бузулгандар бийликтен кенемте күтөт
-
Июнь 16, 2025
АКШнын кара тизмеси, Бишкектин билдирүүсү
-
Июнь 16, 2025
Иран-Израил жаңжалы: АКШ арачы түшөбү?